"Барселона" футболдук клубунун башкы машыктыруучулук кызматына төрт талапкердин тизмеси аныкталды

14-августта Чемпиондор Лигасынын чейрек финалдык оюнунда Испаниянын "Барселона" клубу германиялык "Бавария" клубуна 8:2 эсебинде утулуп калган. Мындан улам "Барселона" клубунун президенти Жозеп Бартомеу башкы машыктыруучу Кике Сетьенди кызматтан алгандыгын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Учурда клуб башкы машыктыруучулук кызматка төрт талапкердин тизмесин карап жатат. Алар: Маурисио Почеттино (эркин агент), Рональд Куман (Нидерланды улуттук курамасынын машыктыруучусу), Массимилиано Аллегри (эркин агент), Тьерри Анри ("Монреаль Импакт" клубунун машыктыруучусу).

Буга чейин "Барселона" клубунун коргоочусу Жерар Пике Чемпиондор Лигасындагы ири эсепте жеңилүүдөн кийин клубда түп тамыры менен алмашуу болушу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhigitaly
2020-08-17 12:53:56
Куман мыкты
0
Sakubek
2020-08-17 13:07:31
Пачеттино
+1
bayern-munchen
2020-08-17 13:51:28
Почеттино же Алегрри керек менимче барсага
0
dastan_nookat
2020-08-17 14:16:26
Алегрри койууш керек
0
Argen9899
2020-08-17 14:30:18
Куман келиш керек
0
Mina24
2020-08-17 16:06:55
Пачитино келиш керек
0
Alayskiy
2020-08-17 18:14:21
Почиттино
0
Alayskiy
2020-08-17 18:15:56
Почиттино келсе Барселона ойундары журушот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан