Японияда абанын температурасынын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка караганда, анда Сидзуока префектурасындагы Хамамацу шаарында абанын температурасы +41,1 градус Целсияга чейин жогорулаган. Буга чейин дал ушундай аптаптуу күндүн ысыгы 2018-жылы 23-июлда Сайтама префектурасындагы Кумагая шаарында катталган.
Август айынан тарта Японияда аптаптуу ысык өкүм сүрүүдө. Учурда Токиодо абанын температурасы 35 градуска чейин жетүүдө. Аталган өлкөнүн өкмөтү элди ысыктан сактанууга чакырууда деп жазылат маалыматта.
Былтыркы жылы аптаптуу ысыктын кесепетинен 70 миң адам ооруканага кайрылган. Тилекке каршы алардын ичинен 126сы кайтыш болгон.