Жалал-Абад. "Крутой" аттуу рейд жүрүп, мас абалында унаа айдап жүргөн 16 айдоочу кармалды

Жалал-Абад облустук жол кайгуул кызматы тарабынан 13-16-сентябрь күндөрү "Крутой" аттуу рейд жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда аталган кызматтын инспектору Нурланбек Асанбеков билдирди. Рейд учурунда 268 айдоочу кармалып, административдик протокол түзүлгөнү айтылды. "Үйлөнүү тоюна чыккан 6 автоунаа уруксатсыз чакырык (сигнал) тагып алган болсо, 16 айдоочу мас абалында кармалды. Ал эми айдоочулук күбөлүгү жок же салык төлөбөй жүргөн 83 айдоочу колго түштү",- дейт Асанбеков. Калгандары жол эрежелерин бузуп кармалганын кошумчалады инспектор.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан