
Түндүк Кореянын лидери
Ким Чен Ын июль айында тургундарга итти үйдө багууга тыюу салды. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимдин кабыл алынышы иттерди үйдө багуу - капитализмдин символу катары каралган. 2020-жылдан баштап Түндүк Кореяда ит баккан адам мыйзам бузуучу катары эсептелет.
Түндүк Корея бийлиги үйдө багылган иттерди чогултуп алып, аларды зоопаркка же ресторандарга тапшырат.
Аталган өлкөдө 1989-жылдан баштап жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр иттерди үйдө кармап башташкан.