Казакстанда ушул жылдын декабрь айында Караганды облусунда автобустарды чыгаруучу завод ачылат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, автобустарды чыгаруу долбоорунун наркы 37 миллион 700 миң долларды түзөт. Ишкана жылына 1 миң 200 автобус жана 400 атайын техника чыгарары айтылууда.
"Транспортторду чыгаруу иши жолго коюлса, аны Орусияга, Иранга, Пакистанга, Кыргыз өлкөсүнө жана башка өлкөлөргө экспорттолот. Долбоорду ишке киргизген соң 600 жаңы жумуш орун түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.