Өзбекстандык жаран Меккеге барыш үчүн Казакстан аркылуу жөө жолго чыкты

Коңшу Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун тургуну Жуманазар Халмуратов Мекке шаарына барыш үчүн Казакстан аркылуу жөө жолго чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жуманазар Халмуратов азыркы тапта Каракалпакстан Республикасына жетти. Жолдо катар ага жергиликтүү тургундар жардам берип, коноктоп жатышат.

Зыяратчынын эсептөөлөрүнө ылайык, ал Мекке шаарына декабрь айында жетет. Коронавирус пандемиясынан улам, Түркмөнстандын чек аралары жабык болгондуктан, ал Сауд Арабиясына Казакстан аркылуу жетүүнү пландап жатат.

Жуманазар Халмуратов буга чейин дагы ажылык сапарга жөө барууга аракет кылганы белгилүү болду. Акыркы жолу Ирандагы согушка байланыштуу ал Сауд Арабиясына жете албай кайра кайткан.

18.08.20. Күн ичиндеги маанилүү кабарлар топтому
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2020-08-18 11:14:13
Ийгилик.
Аман эсен барып келиниз!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан