Орусия Сирияда калган наристелерин алып келүүдө

Орусия пандемия учурундагы тыныгуудан соң Сирияда калган жарандарын алып келүүнү улантууда. Бул тууралуу Орусия президентинин алдындагы балдардын укугу кызматынын ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецованын билдиргенине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, 18-август күнү Сириядан 26 бала мекенине кайтып келет. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, балдар буга чейин Дамасктагы наристелер үйүндө кармалып турушкан.

"Алар Коргоо министрлигинин учагы менен алып келинет. Мурдараак өкмөт тарабынан Сириядан 122 баланы алып келүү пландалып жатканы кабарланган. Ал үчүн дагы төрт жолу Сирияга каттам болот. Орусия бир нече жыл согуш болгон Сирия менен Ирактан буга чейин 156 баланы мекенине кайтарган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kaarman.1989
2020-08-18 14:01:55
Мен тушунбодум булар кандай баладар ошол жакта жургон аскер кызматкерлеринин балдарыбы?
0
algakaray
2020-08-18 16:24:55
Согушта журуп балалуу болушуп анан балдарын алып келип атышабы? А энелери кимдер анан???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан