Кытайда COVID-19 инфекциясына каршы чыгарылган вакцина расмий түрдө каттоодон өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Кытайда иштелип чыккан вакцинанын курамында коронавирустун генетикалык материалы бар экени айтылат.
"Вакцинаны Кытайдагы аскердик медицинаналык институтунун окумуштуулар тобу иштеп чыккан. Анын изилдөөлөрү март айында эле башталган. 17-августта препарат каттоодон өтүп, патент берилди. Бул вакцинанын өзгөчөлүгү аны тез арада жана ири өлчөмдө даярдап чыгарса болот. Учурда ал клиникалык изилдөөлөрдүн биринчи жана экинчи баскычынан ийгиликтүү өттү. Бул баскычтарда вакцинанын эффективдүүлүгү жогору жана ал адамдар үчүн коопсуз экени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин 11-августта Орусиянын Николай Гамалея атындагы Улуттук эпидемиологиялык жана микробиология изилдөө борборунда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцинаны дүйнө жүзүндө биринчилерден болуп каттоодон өткөнү маалымдалган.