Жаңы окуу жылы жакындап калды, көпчүлүк окуучулар онлайн окуй башташат. Дал ошондуктан О! Мобилдик операторунун түйүнүнүн активдүү өнүгүүсү ири шаарларда жана райондук борборлордо гана эмес, алыс жайгашкан аймактарда да актуалдуу болуп жатат.
Жакынкы күндөрдө техникалык адистер тарабынан өлкөнүн бардык жети облусунун дээрлик 55 калктуу пунктунда сигналдын сапаты жакшыртылды:
"Биз жүктөмдүн көбөйүүсүн алдын-ала көрө билүүгө, убагында жумуштарды аткарууга жана абоненттердин түйүндүн сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча каалоолорун эске алууга аракет кылуудабыз. Мындай жумуш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат", - деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору белгиледи.
Компанияда кайтарым байланыш жөнгө салынган, ошондуктан эгер сизде суроолор же каалоолор болсо, сиз О! Мобилдик операторунун Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына ар дайым жаза аласыз.
О! түйүнүнүн 4G LTE тармагын колдоо аймактарынын толук тизмеси менен компаниянын сайтынан таанышса болот. Бүгүн бүт өлкөнүн калкынын 98%нан ашууну бул жогорку ылдамдыктагы технологияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.