Чүйдө 15 кой уурдаган деп 3 жаран шектелүүдө

Чүй облусунда мал уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, милицияга Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, анын 15 баш коюн уурдап кетишкен. Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 29 жаштагы С.Ж., 19 жаштагы Ш.А. жана 31 жаштагы Б.К. кармалган.

Ошондой эле шектүүлөрдүн уурулук боюнча дагы эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан