Кара-Сууда 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 6 жашар кызга ыплас иш-аракеттерди кылган деп шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 11-июль күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын биринде орун алган.

"1996-жылы туулган М.А.нын 6 жашар кызы үйүнүн жанында ойноп жаткан жеринен белгисиз жаран өзүнүн башкаруусундагы Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасына атайлап алдап салып, кызга карата "ыплас аракеттерди жасап, денесине жараат келтирди" деп кыздын апасы милицияга кайрылган. Бул факты 11-июль күнү Кара-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, аталган окуяга тиешеси бар делинип, 1991-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Н.З. кармалган. Далил буюм катары Daewoo Lacetti унаасы алынып, айып короосуна токтотулган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошону менен аталган иш боюнча шектүү З.Н.нын айыбы толугу менен далилденип аталган сотко чейинки өндүрүш иши 28-июль күнү тиешелүү соттук кароого жиберүү үчүн Кара-Суу райондук прокуратурасына жиберилген. Учурда бул иш сотко жөнөтүлгөн", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bayern-munchen
2020-08-18 16:37:50
Озбек окшойт Лассетти айдаса
-1
rysik79
2020-08-18 16:55:58
Дарга асыш керек.
+4
Sambet08
2020-08-18 17:13:45
Ушуга окшогондорду эл алдында эле олтуруп салса жакшы болмок башкаларга да улгу болот эле
+2
Kadyrova_
2020-08-19 08:13:46
Эл алдына алып чыгып бычып койуп медициналык жардам көрсөтпөш керек пусть кыйналып чынырып чычып өлсүн ошондо баардыгына сабак болот.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан