Бейрут шаарындагы порттогу ири жарылууга байланыштуу Ливан өлкөсүндөгү өзгөчө абал режими дагы бир айга узартылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жарылуу 4-августта болуп, ошол күнү эле өзгөчө абал режими 2 жумага узарган болчу. Ал эми бул жарылууга байланыштуу эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушуна Ливандын бийлиги макул болбогону кабарланып жатат.
Ал күнү Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 миң 750 тонна аммиак селитрасы жарылып, 15 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген. Акыркы эсеп боюнча окуянын кесепетинен 177 адамдын өмүрү кыйылып, 6 миңдей адам жаракат алган.