Бишкекте баңги заттарын жашыруун өстүрүү менен алектенген лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Бишкектеги турак үйлөрдүн биринен баңги заттары жашыруун өстүрүлүп жаткан лаборатория аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, атайын жабдылган лабораторияны текшерүүдө болжол менен кара куурай болушу мүмкүн болгон кара жашыл түстөгү заттар, гидропоникалык ыкма менен өстүрүлгөн каннабис сорттору жана ар кандай сорттогу кара куурай уруктары табылган. Бул ишке шектелип 1978-жылы туулган Г.И. жана 1971-жылы туулган Е.В. кармалган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 273-беренесинде каралган белгилер боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо иштери улантылып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан