Талас облусунун Өтмөк ашуусунда кырсыкка кабылып, күйүп жаткан оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун аман алып калган Талас облусунун тургуну Рамисбек Рыскулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"2020-жылдын 1-август күнү Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунан чон жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылган. Унаада 61 жаштагы Беларусь улутундагы айдоочу болгон. Окуянын күбөсү болуп Талас облусунун 53 жаштагы тургуну Рамисбек Рыскулов өз өмүрүн тобокелге салып, өрттөнүп жаткан жүк ташуучу унаадагы айдоочуну сыртка чыгарып, аман сактап калган. Талас облусунун тургуну Рамисбек Рыскулов жарандык милдетин так жана ыкчам аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Аскердик жарандык кызматташтыкты чындаганы үчүн" медалы менен сыйланды", - деп билдиришти ӨКМдан.
Сыйлыкты Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде Талас облусттук башкармалыгынын башчысы Талант Касиев тапшырды. Мындай жакшы саамалыкка министр Замирбек Аскаров өз кезегинде ыраазычылыгын билдирди.
"Адамдардын өмүрүн сактап калууда жол кырсыгына кайдыгер карабай өз өмүрүн тобокелге салган жакшы көрүнүш. Өлкөбүздө кырсык болбосун! Жалпыңыздарды алыс жолго чыгууда коопсуздукту сактоого чакырат элем", - деген Замирбек Аскаров.
Буга чейин, Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылгандыгы кабарланган.