
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү
Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы "Радуга" балдар борборундагы жетим балдардан кабар алып, 60 миң рублга кайрымдуулук жасады. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Радуга" балдар борборунда 18 бала, 23 кыз тарбияланат экен. Балдар үчүн атайын 60 миң рублга кийим-кече жана мөмө-жемиштерди алып бердик. Балдар борборунун директору Соболева абдан кубанып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди", - деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлүнүн айтымында мындай кайрымдуулук иштери улантылып, Орусиянын Мусулмандарынын диний башкармалыгы менен болгон кызматташтык алакалары жакшыра бермекчи.