"Жоопсуз 3 гол". Чемпиондор Лигасынын алгачкы финалчысы аныкталды

Бүгүн, 19-август күнү түндө Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алгачкы оюну өттү.

Жарым финалдык беттеште Германиянын "Лейпциг" командасы менен Франциянын "ПСЖ" командасы кез келди. Оюндун алгачкы мүнөтүндө эле франциялык команда кооптуу учурларды жаратып жатты. Өз кезегинде "Лейпциг" командасы коргонууда эле болбостон, ылдам каршы чабуулга чыгып жатышты. Биринчи бөлүктө "ПСЖ" командасы топко көбүрөөк ээлик кылып, каршылашынын дарбазасына керектүү делген 2 голду киргизди.

Оюндун экинчи бөлүгү адаттагыдай эле бирдей ыргакта башталды. Эки команда тең оюн эрежесин бирдей бузуп жатышты. Топту кайрадан эле франциялык команда өз көзөмөлүнө алып, бир нече кооптуу учурларды жаратып жатты. "Лейпциг" командасы канчалык аракет кылбасын эсеп санын ача алышкан жок. "ПСЖ" клубу экинчи бөлүктө дагы бир гол киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында париждик клуб турнирдин финалына жолдомо алса, "Лейпциг" командасы турнирдеги жүрүшүн жарым финалга чейин келип токтотту.

"Лейпциг" - "ПСЖ" (0:3);

Голдор: Маркиньос (13-мүнөттө), Анхель Ди Мария (42-мүнөттө), Хуан Бернат (56-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "ПСЖ" командасынын жарым коргоочусу Анхель Ди Мария табылды.

"Лейпциг" - "ПСЖ"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан