Сузак районунда сел жүрүп, унаа жол жабылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрүп, унаа жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда 18-август күнү саат 13:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулар Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 63-чакырымын каптап, кум шагылга толтурган. Учурда унаа жол жабык.

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч жана 2 кызматкер тартылды. Тартылган техниканын жардамында тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Бүгүн, 19-август күнү тазалоо иштери улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан