Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туура-Суу айылында Volkswagen Golf жана Audi унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 18 жаштагы жана 34 жаштагы 3 эркек киши жеңил жаракат алышкан.
ӨКМнын №38 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жана "Тез жардам" кызматкерлери биргеликте жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.