Белгилүү футболчу Неймар Чемпиондор Лигасынан четтетилиши мүмкүн

Бразилия курамасынын жана франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу, 28 жаштагы Неймар Чемпиондор Лигасынан медициналык эрежелерди бузгандыгы үчүн четтетилиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чемпиондор Лигасынын жарым финалынан кийин Неймар "Лейпциг" командасынын коргоочусу Марсель Хальстенберг менен футболкасын алмашкан. УЕФАнын протоколуна ылайык, оюнчуларга футболка алмаштырбоо сунушталат. Милдеттенмелерди аткарбоо УЕФАнын тартип эрежелерине ылайык тартиптик жазага алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары Чемпиондор Лигасында футболка алмашкан оюнчулар 12 күн өзүнчө обочолонууга алынышы керек экендиги белгилүү болду. Мындан улам Неймар финалда ойнобой калышы толук мүмкүн.

"ПСЖ" командасы Чемпиондор Лигасынын жарым финалында германиялык "Лейпциг" командасын 3:0 эсебинде утуп, турнирдин финалына жолдомо алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilgizk
2020-08-19 11:04:20
Каяктагыны айтпагылачы
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан