Москва районунда 3 баш бодо мал уурдаган деп шектелип эки жаран кармалды

Москва районунда мал уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Садовое айылынын жашоочусу Б.Ю. арыз менен кайрылып, сарайынан белгисиз адамдар 3 баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 100 миң сомду түзгөн. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, кароо жүргүзүү учурунда окуя болгон жерден автоунаанын дөңгөлөгүнүн издери калган. Анын негизинде автоунаанын үлгүсү такталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектелип, 55 жаштагы М.С. жана 63 жаштагы К.М. аттуу жарандар кармалышкан. Ал эми уурдалган малдар табылып, ээсине кайтарылып берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, иш сотко жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан