Кечээ, 18-август күнү кечинде Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүнөн 57 жаштагы аял кишини унаа сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020- жылдын 18- августунда болжол менен саат 19:40 чамасында 1997- жылы туулган К.Б аттуу айдоочу Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа менен Л.Толстой көчөсү менен батышты көздөй баражатып."Глобус" соода борборунун тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Натыйжада 1963- жылы туулган П.Н аттуу аял киши окуя болгон жерден көз жумган", - деп жазылган билдирүүдө.
Азыркы учурда тийиштүү экспертиза дайындалып жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.