Бишкекте турак үйгө кирип, үй ээсин бычак менен коркутуп, уурулук кылганга шектүү кармалды

Ленин РИИБинин кызматкерлери Бишкекте турак үйгө кирип, үй ээсин бычак менен коркутуп, уурулук кылганга шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-август күнү Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 15:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү үйүнө ууру кирип, аны бычак менен коркутуп, акчасын, эки уюлдук телефонун жана зер буюмдарын алып, белгисиз тарапка качып кеткени жазылган. Жабырлануучу 67 миң сомдук зыянга учураган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1988-жылы туулган У.Д. аттуу жаран кармалган. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.

Кимде ким сүрөттөгү адамдын кылмыш ишинен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар, төмөнкү байналаныш номурларына кайрылыңыздар: 0(555) 102-149, 0(502) 102-149, 0(707) 488-008, 0(550) 909-191 жана 102ге.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан