Япония Бишкек шаарында жол белгилерин чийүүгө жана орнотууга 241 миң доллар бөлөт

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Бишкек шаарынын адистештирилген мектепке чейинки жана көмөкчү билим берүү мекемелеринде окутуу шарттарын жакшыртуу долбоорунун” алкагында жабдууларды жана эмеректерди тапшыруу аземи болду. Аталган долбоордун алкагында шаардын 11 адистештирилген мектепке чейинки жана 3 көмөкчү билим берүү мекемелерине ашкана жабдуулары, ашкана буюмдары, керебеттер, спорт каражаттары тапшырылды. Берилген жабдуулардын жалпы суммасы 114 198 долларды түзөт. Мындан тышкары Кыргызстандагы Япониянын элчилиги менен баш калаанын мэриясынын ортосунда “Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо” долбоору боюнча  гранттык келишимге кол коюлду. Аталган долбоор боюнча, Япония өкмөтү Кыргызстанга 241 375 доллар бөлөт. Долбоорду ишке ашыруу, тендер өткөрүү боюнча иш-чараларды Япония тарап өз жоопкерчилигине алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан