ӨКМ: "Акыркы 8 айда 65 адам сууга чөгүп кетти"

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салат.

Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылат.

-Сууга уруксат берилген жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
-Тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
-Сууга мас абалында түшпөңүз;
-Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
-Кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
-Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-Үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам өмүрүнө коркунуч алып келет. Бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да кооптуу;
-Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
2020-жылдын 19-августуна​ карата, сууда ар кандай себептер менен ​ 65 адам өлүмү катталган (46 киши​ – жай мезгилинде) анын ичинен 33 эркек, 6 аял, 15 жаш бала жана 11 өспүрүм.
Ал эми былтыр ушул аралыкта 129 адам сууга чөгүп кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан