Өзгөчө кырдаалдар министри: "Балдарды кароосуз калтырбайлы"

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров акыркы аптада ар кандай себептер менен сууга чөгүп кеткендердин саны кескин өскөнүн белгилеп, жарандарга кайрылуу жасаган.

"Мага социалдык баракчалар аркылуу жарандардан суроо, ой-пикир жана сунуштар келип турат. Мен аларга убак-убагы менен жооп берүүдөмүн. Кечээ, 18-август күнү 5 жашар бөбөктүн денесин таап, ата-энесине өткөрүп бердик. Бүгүн да издөө иштеринде 13 жашар өспүрүмдүн денеси табылды. Суук кабарды укканда айла жок, жүрөгүбүз ооруган бойдон калдык. Ата-энесине көңүл айтабыз.

Мындай кырсыктарды болтурбай коюуга болот. Ар бирибиз коопсуздук эрежелерди сактап, балдарды кароосуз калтырбай, сууга түшкөнгө ыңгайлаштырылбаган объектилерде, мисалы; көлмө, суу сактагыч, дарыя бойлорунда сууга түшпөөнү жана сак болууңуздарды суранам. Суудагы кырсыктарды алдын алуу боюнча профилактикалык иштер күчөтүлдү", - деп жазылган билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан