Жети-Өгүздө эс алуучулар менен официант кыздын ортосунда чыккан чыр боюнча милиция түшүндүрмө берди

Ысык-Көлдөгү кафе катары тейленген боз үйдө официант кызга жана кардарларга белгисиз адамдар тарабынан кол көтөрүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Анда тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя тууралуу төмөнкүлөр аныкталган.

"Ушул жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын 53 жаштагы тургуну Б.Н. анын 55 жаштагы жолдошу М.А. жана бир туугандары 61 жаштагы Б.С. менен 56 жаштагы Б.Б. 41 жаштагы Б.А. жана башка жакын туугандары болуп Барскоон шаркыратмасынын жанында эс алып жатышкан.

Алар "Ак Марал" боз үйүнө кирип, анда Б.Н. боз үйдүн ичин видеого тарта баштаган.Тейлөөчү кыз мүнкүн эместигин түшүндүргөн. Ошол маалда официант кыз экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири-бирине кол көтөрүшкөн. Б.Н.нын туугандары ага болушуп урушка аралашкан. Ал учурда боз үйдө отурган 33 жаштагы С.С. аттуу башка кардар урушкандарды ажыратам деп, денесине бир нече жолу сокку алган. Бүгүнкү күндө соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Анын негизинде мыйзам чегинде чара көрүлөрү маалымдалат. Ошондой эле урушка катышкан үч тарап тең милицияга арыз менен кайрылган. Үч арыз тең Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган",- деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Ысык-Көлдөгү боз үйдө кардарлар менен официанттын пикир келишпестигинен улам келип чыккан урушту чагылдырган видеону жарыялашкан. Анда окуяда жашы жете элек балдарга да кол көтөрүлгөнү тууралуу маалыматта айтылган.

Ысык-Көлдө боз үйдүн ичиндеги кафеде кардарлар ортосунда мушташ орун алганы тартылып алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Imon7
2020-08-20 09:43:04
Туура эмес иштер болуп кетиптир да. Коомдук жай кылып пайдаланып жаткандан кийин «суротко тартба, ташмага тушурбо», деп талап кое албайт. Анте турган болсо уйуно алып барып жыйып коюш керек. Эми кимиси биринчи кол которгон, ким канчалык жаракат алган ошону далилдеш керек
+1
abusait
2020-08-20 10:29:03
Imon7,Ар бир жердин озунун талап тартиби бар. Тартпа дегенден кийин жон эле койсо болмокда . Жаш балдарына чейин ур тепкиге албай.
+1
Imon7
2020-08-20 12:49:20
abusait,тартба дегенден кийин тартба керек деген талап жок эч бир жерде. Ал коомдук жай кылып аны иштетип пайда коруп атат юрдидикалык жак болуп физикалык жак ал клиент! Анын укугу бар тартканга, тасмага тушургонго! Клиент всегда прав! Урат токмоко алуу озунчо иш. Кандай жаракат алгандарын экспертиза чыгарып бергенден кийин ошого жараша чечим чыгат! Дагы бир жолу айтам пайдаланып аткандан кийин клиент тартканга укугу бар
-2
Imon7
2020-08-20 12:51:50
abusait,Ар бир жердин озунун талабы бар эмес бир эле мыйзам бар. Тартба дегидей ал жер закрытый учреждения же военный база же ЗОНА эмес
-3
zhykyo
2020-08-20 10:35:28
Тартабы озу билет жабыш керек.
+1
katerina.li
2020-08-20 13:10:02
Чон эле катындар экен. Тартпа деп койсо эле ушунча ызы чуу кылыш керекпи ?? Тарбиясы жоктор
+5
AdylbekB84
2020-08-20 14:09:13
Коомдук жер ооба, бирок бир ооз сурап анан тартыш керек, ал жерде интерьер жасалганы тартып жатат да! Ичинде сүрөткө түшсө болот, өзүн кошо видеого алса болот (селфи), бирок сурабай видеого тартып кирген маданиятка дагы туура келбей калатда!
0
Imon7
2020-08-20 15:09:55
AdylbekB84,уруксат суроонун кереги жок тушо бересин, тарта бересин мен как юрист катары айтып атам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан