Өзбекстанда саат 17:00гө 208 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ташкент шаарында - 204 адамдан, Андижан облусунда - 4 кишиден илдет аныкталды. Бир күндө өлкөдө 2 бейтап каза болду. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 36 миң 968ге жетти. Ал эми анын 32 миң 557си илдеттен айыгып чыкты.