Александр Лукашенко Владимир Путинден Германиянын башчысына Беларусь өлкөсүнө кийлигишпөөсүн айтып коюуну өтүндү

Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путинден Германиянын башчысы Беларусь өлкөсүнүн ишине кийлигишпөөсүн айтып коюуну өтүндү. Бул тууралуу Лукашенконун басма сөз катчысы Наталья Эисмонт "Россия 1" телеканалына билдирген.

лкөбүздүн президенти өзүнүн орусиялык кесиптешинен Меркель айымга Германия жана бүткүл Батыш Европа Беларусь өлкөсүнүн ички ишине кийлигишпөөсүн айтып коюуну өтүндү", - деген Эисмонт.

18-август күнү Владимир Путин менен Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда Путин Лукашенкого Ангела Меркель жана Франциянын лидери Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө маалымат берген.

Меркель Путин менен Беларусь өлкөсүндөгү кырдаалды талкуулоодо Минск тынч демонстранттарга каршы күч колдонуудан баш тартуусу керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2020-08-20 08:20:37
Вобщем баарынар чогу бир жерге баргыла деген экен да.ушул бульбаштарга эмне жетпейт дейм да озулорунун тынч жашоосун озулору бузуп?
+1
Nur777
2020-08-20 10:08:13
Э брат айтып койчу.....)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан