UFC чемпиону Валентина Шевченко дегенде эле көпчүлүгүбүз аны спорттук кийим менен элестетип, машыгып жатканы көз алдыбызга тартылат. Балбан кыз кээде такалуу бут кийимдер, кече көйнөктөрү менен жүргөн сүрөттөрүн баракчасына жүктөп калат. Мындай образдан көпчүлүк тайманбастык менен сулуулуктун айкалышын көрөт. Бул ирет биз Шевченконун шиш такалуу бут кийимдер менен түшкөн сүрөттөрүн топтодук.
Ал социалдык тармактагы баракчасына чемпиондук куру менен түшкөн кезектеги сүрөтүн жарыялады. Сүрөт АКШнын Лас-Вегас шаарында тартылган. Анда Шевченко бутуна шиш така кийип, чемпиондук курун кармап отурган. Сүрөткө анын катталуучулары суктанып бүтө албай жатышкан чагы. Мушкер айымдын сүрөтү 23 сааттын ичинде 128 миңден ашуун жакты белгисин алган.
Валентина Шевченко UFC уюмундагы кийинки беттешин 21-ноябрда бразилиялык Женнифер Майяга каршы өткөрөт.