Бишкекте эркек кишинин унаасынан ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мазда унаасына тинтүү жүргүзгөндө ок атуучу курал, эки Макаров үлгүсүндөгү тапанча, дагы бир тапанча (үлгүсү тактала элек) жана бир граната эки мылтык табылган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 41 жаштагы Ч.М. аттуу жаран кармалды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүү мурда бир нече жолу соттолгон.