Бүгүн, 20-августта Бишкек шаардык сотунда Тарых музейи жана ипподром курулушу боюнча айыпталуучу тараптын берген аппеляциялык арызы каралып, ага карата сот чечим чыгарды.
"Соттук коллегиянын чечими менен 2020-жыл 20-августта Сапар Исаков жана Мира Карыбаевага карата райондук соттун чечими күчүндө калтырылган. Жактоочулар Марат Эшперов менен Бакыт Автандил уулунун берген аппеляциялык даттануулары канааттандырылган жок", - деп айтылат маалыматта.
Жактоочулардын аппеляциялык арыздары 18-августта аралыктан карала баштаганы маалым.
Окуянын чоо-жайы:
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган.
Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева болгон.
9-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча соттук иштин акыркы чечими чыгып, анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковго карата 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Мындан тышкары мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом өлчөмүндөгү каражат төлөп берүү милдеттендирилген. Ал эми Мира Карыбаева "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынган.