Кечээ, 19-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен кезектеги телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Кытайдын тышкы иштер министри Кытай тарап Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы улуттук вакцина менен бөлүшкөнгө даяр экенин билдирди.
Коронавирус инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасиринен улам, Кыргыз өлкөсүнүн тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине карата тышкы карыздын оор жүгүн жеңилдетүү маселесинде көмөк көрсөтүү өтүнүчүн айтты.
COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташтык маселесинде министр Чыңгыз Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына регулярдуу негизде олуттуу гуманитардык жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн кытай тарабына ыраазычылык билдирди.
Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн аягында тараптар достук жана жакшы кошуналык мамилелерди бекемдөө үчүн Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара умтулуу бар экендигин тастыкташты.