"Кумтөргө" инвестор тартуунун кереги жок, ал өзүн-өзү актаган долбоор" деди Өмүрбек Текебаев

"Кумтөр" боюнча сот процессинен коркпошубуз керек. Чын-чынына келгенде биз соттошпойбуз, болгону өзүбүздүн байлыгыбызды өзүбүзгө кайтарып алабыз",- деди "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 16-сентябрда "Азаттыктагы" түз эфир учурунда. Депутат эгер сот иши башталса "Кумтөр" иштебей токтойт, инвесторлор чочулайт деген пикирлерге кошулбайт. "Кумтөр" кылымдын афёрасы экенин акыл-эси жайында болгон бардык адам билет. Ишканага эч кандай инвестордун кереги жок, бул өзүн-өзү актап иштеген долбоор. Соттошуу башталган күндө деле алтын кени иштей берет",- деди Өмүрбек Текебаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан