Кыргызстандын 5 компаниясы Казакстанга сүт азыктарын экспорттой баштайт

Кыргызстандын 5 компаниясы Казакстанга сүт азыктарын экспорттой баштайт. 2012-жылы коюлган чектөө алынгандыгын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,  «Ак-Сүт», «Урсус», «Үмүт и Компани», «Сүт-Булак» жана «Ак-Жалга» компаниялары эми Казакстанга сүт азыктарын экспорттой баштайт. Ошондой эле учурда сүт азыктарын чыгаруучу дагы 7 компания боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы белгилүү болду. Ал үчүн ал компаниялар Бажы союзунун санитардык-гигиеналык текшерүүлөрүнөн өтүүсү зарыл.

Белгилей кетсек, 24-29-декабрь күндөрү Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн келген адистер Кыргызстандагы ишканалардагы сүт азыктарынын сапаттарын текшерген. Жыйынтыгында бир катар ишканалар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги аныкталган. Ошол себептен Казакстан Кыргызстандан сүт алууну токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан