Кайрадан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан эр азаматтарыбыз уюшкан кылмыштуулуктун бийликке, коомго тийгизген таасирлери тууралуу өз пикирлерин билдире башташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымат таратты.
"Алар ар түрдүү кызматтарда иштешти, бул маселени ошол мезгилде көтөрүп, чара көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан жана аны ошондо айтканда туура болмок.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, республика боюнча атайын автоматташтырылган ыкчам маалымат базасында Камчы Көлбаев, Азис Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч уюшкан кылмыштуу топтун жана ар кандай кылмыштуу топтордун жалпы саны 1 миң 76 субъект эсепке алынган.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы тиешелүү кызматтар тарабынан келишкис жана чечкиндүү иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Алсак, 2020-жылдын 7 ай 20 күндүн ичинде ИИМдин кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун 101 субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кээ бирлери кылмыш жообуна тартылууда", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 7 ай 20 күн ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалгандардын ичинен 8 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр экендиги аныкталган.
"Ушул эле убакыттын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн ондогон курал-жарактар алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин легалдаштырууга бөгөт коюу багытында КЖКнын 215-беренеси менен 6 сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 7 айында жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүүдө.
Ошондой эле ИИМдин кечээги депутаттыка талапкер Өмүрбек Суваналиевдин кайрылуусу боюнча тактоо киргизүүгө туура келет.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы "ХОП" деген каймана аты менен каттаган, парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаев 2018-жылы 11-ноябрда өзүнүн узакка созулган оорусунан каза болгондугун жана учурдагы абалга эч кандай таасир бере албастыгын билип туруп, популисттик билдирүүлөрдү жасаганы этикага туура келбейт.
Өз кезегинде Ө.Суваналиев ИИМде министрдин орун басары, андан кийин министр болуп турганда уюшкан кылмыштуулук бутактанып, ал түгүл Жогорку Кеңештин депутаттыгына Рысбек Акматбаев келгендиги, ошол кезде криминалдык абал күчөп, буюртма адам өлтүрүүлөр да күч алгандыгы жалпы коомчулукка белгилүү", - деп айтылат мекеменин тараткан маалыматында.