Кыргызстанда 1395 балдар бакчасы иштейт

ЖКнын депутаты Максат Сабиров "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга толуктоолорду сунуштоодо. Бул маселе парламенттин Тармактык комитетинин талкуусуна коюлуп, ЖКнын кароосуна жиберилген эле. "Парламент" радиосунун түз эфиринде эл өкүлү өлкөдө учурда 1395 балдар бакчасы иштеп жаткандыгы билдирди. Айтымында, аталган мыйзам долбоору аркылуу менчиктештирилип, ишмердүүлүк багытын өзгөрткөн балдар бакчаларын кайра баштапкы калыбына келтирүү шарттары караштырылат. 

Балдар бакчаларынын өз максатында иштөөсү үчүн көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маекке депутат Роза Акназарова да кошулуп, жаш балалуу энелерге бардык жерге ыңгайлуу шарттар түзүлүш керектигин билдирди.

ЖКнын 2012-жылдын 21-июндагы токтомунун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу республикадагы бардык балдар бакчаларын инвентаризациялап чыкты. Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыр өлкөдө бардыгы болуп 1395 балдар бакчасы иштеп жатат. Анын ичинен 271и мамлекеттин карамагында болсо, 832и муниципалдык менчикке таандык, 292 балдар бакчасы юридикалык жана жеке тараптарга тиешелүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан