Нарын районунда 5 миң гектар жерди сугат суу менен ырааттуу камсыз кылууну жана 2 миң гектар жаңы жерди өздөштүрүүнү шарттаган Куланак каналынын курулушу башталат. Президент Сооронбай Жээнбеков 20-августта, иш сапарынын алкагында каналдын курулушунун долбоору менен таанышканын, президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматы боюнча, Куланак насостук станциясы 48 жылдан бери пайдаланылып келген, азыркы учурда эскилиги жетти.
Буга байланыштуу өзү агуучу Куланак каналынын курулушун баштоо пландалууда. Долбоордун болжолдуу сметалык наркы – 1 миллиард 800 миллион сом. Азыркы учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жасалып бүттү. Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын экинчи этабынын алкагында курулуш иштерин 2021-жылы баштоо жана 2026-жылга чейин аяктоо пландаштырылган.
Курулуштун аякташы менен 5 миң гектар жер сугат суу менен ырааттуу камсыз кылынат жана 2 миң гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков аталган долбоорду ишке ашыруу аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана жергиликтүү калктын жашоо-турмушун жакшыртууга күчтүү стимул болорун ишенимдүү белгиледи.
Мамлекет башчысы Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө жана 50 миң гектар жердин суу менен камсыз болушун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн эске салды.