Нарын облусунун Жумгал районунда “адам өлтүргөн” деп шектелип бир жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 10-сентябрда Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында 1970-жылы туулган Б.Анын сөөгү табылган. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Чаек айылынын тургуну кармалган. Белгилүү болгондой, айылдагы эркектер жергиликтүү бир тургундун туулган күнүн майрамдап спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, баары тарап кеткенде маркум менен кылмышка шектүү гана калышат. Алардын ортосунда уруш чыгып, мушташка айланат. Алган жаракаттарынан улам Б.А. көз жумат. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.