Ушул жылдын октябрь айынан тартып "АВЕП" коомдук уюму тарабынан Тоң районундагы долбоор жазууга кызыккан жаштар арасында лидерликти өнүктүрүү, долбоорлорду жазуу боюнча атайын семинарлар өткөрүлө баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Маалыматка таянсак, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси аркылуу ишке ашып жаткан окутуу иштерин "Кумтөр" компаниясы каржылайт экен.