Ош шаарында милиция кызматкерине ХБК кичи районунун жашоочусу "7 жашар баламды 17 жаштагы бала оозун скочтоп таңып, буттарын күйгүзүп, чок басып кыйнаган" деп арыз менен кайрылган.
Бул факты каттоого алынып, 7 жашар балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тастыктап, буларды билдирди.
"Экспертизанын жыйынтыгында жабырлануучунун айткан фактылары далилденген эмес. Натыйжада тергөөчү ишти өндүрүштөн кыскарткан", - деп билдирди басма сөз кызматынан.