Кечээ, 20-августта Ош шаарынын Туран кичи районунда Күреңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Араван каналына чөгүп кеткен 2 жаш баланын экинчисинин дагы жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 21-августта издөө иш-чараларын улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 22 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 09:35те 2012-жылы төрөлгөн А.С. аттуу жаш баланын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
Буга чейин саат 07:30дар чамасында каналга чөгүп кеткен эки жаш баланын бирөөсүнүн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабарланган.