17-сентябрь - Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Кыргыз Республикасынын учурдагы президенти 57 жашка толду

Бүгүн, 17-сентябрь КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү, ал бүгүн 57 жашка толду. Ал Кыргызстандагы авторитардык режимди кулатууга, өлкөдө парламенттик башкаруу формасын түптөөгө салымы зор мамлекеттик ишмер катары тарыхта калмакчы. Эки революцияны башынан өткөргөн эгемен Кыргызстанда бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп алган алгачкы өлкө башчы. А.Атамбаев президент болуп турган учурда Камбар-Ата-1 ГЭСи, "Датка-Кемин" көмөк чордону сыяктуу бир катар ири долбоорлордун иши башталып, коррупцияга каршы күрөш активдешти. "Президенттик мөөнөтүм бүткүчө өлкөнү жакшы жакка өзгөртүп, бир нукка салып кетүүгө аракет кылам",- деп айтып келет мамлекет башчы. Айта кетсек, А.Атамбаев 2011-жылдын 30-октябрында КРнын Президенти болуп шайланып, ушул эле жылдын 1-декабрында президенттик кызматка расмий түрдө киришкен.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан