Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун керемет жаратылышы 26 жаштагы Салтанат Муратбек кызынын көзү менен.
Салтанат Кочкор районунда туулган. 12 жылдан бери туризм тармагында иштейт. Ал 14 жашынан баштап тоого чыгып, жаратылышка болгон сүйүүсү күчөгөн.
"Өлкөгө карантин киргенден бери Кочкор районунда жашап калдым. Күндө велосипед тебем. Айылдарды кыдырып, эл байкабай жүргөн жерлерди көрсөтөйүн деп сүрөткө тартып, социалдык тармактагы баракчама жүктөйм. Азыр фотоаппарат сатып ала элекмин. Болгону уюлдук телефонума гана тартып жатам.
Кээде таштанды терем. Анткени туулган жеримди абдан жакшы көрөм. Райондун өнүгүшүнө салым кошкум келет", - деген Салтанат.
Анда сүрөттөргө көңүлүңөрдү бурабыз.