Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кадыр Маликов Кыргыз өлкөсүнүн Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кадыр ажы Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, облустук казыяттар менен тыгыз кызматташуу керектигин тапшырды.

Маликов Кадыр Курманбекович 1972-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

БИЛИМИ:

Орто мектепти аяктагандан кийин; -1992-1993-жылдары Азирети Умар атындагы Ислам институтунда диний билимге ээ болгон.

1995-1996-жылдары Пакистандагы Абу Ханифа Ислам окуу жайын бүтүргөн.

1997-2005-жылдар аралыгында Иордания өлкөсүндөгү Иордания университетинин шарият факультетин аяктаган.

2004-2005-жылдары Испанияда "Complutense de Madrid" университетинин атайын курсунан билимин жогорулаткан.

2007-жылы Испаниянын "Autonoma" унвиверситетинен докторлук даражага ээ болгон.

ЭМГЕК ЖОЛУ:

2001-жылы Иорданиянын Амман шаарында соттук корпуста иштеген.

2002-2003-жылдары Маданият министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүндө башкы адис.

2006-2008-жылдары Кыргыз-Орус Славян университети, улук илимий кызматкер.

2010-2012-жылдары Байкоочу кеңештин мүчөсү.

2009-2013-жылдары ИИМдин министринин коомдук кеңешчиси.

2017-2020-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперттик кеңешинин мүчөсү.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык Академиясынын доценти.

"Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору.

Кадыр Маликов буга чейин жана бүгүнкү күндө эл аралык жана жергиликтүү журналдардын редактору, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2020-08-21 13:34:04
Чала молдолор кобоюп кетти. Окуяга өздөрү күбө болгондой сүйлөшөт молдолор. Тиги дүйнөнүн тозогуна,бейишине өздөрү күбө болгондой сүйлөшөт.
-9
talas0707
2020-08-21 13:57:54
i1urp, бул жанылык сага тиешеси жок отуп кете бер
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан