Бишкектин Кара-Жыгач конушунда жөө жүргүнчүнү эки унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Жол кырсыгы, 20-август күнү саат 21:30 чамасында болгон.
Анда белгисиз Mitsubishi Delica унаасынын айдоочусу Анкара көчөсүнөн чыгышка карай бара жатып Кара-Жыгач көчөсү менен кесилишкен жерден 53 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Унаа сүзгөн адам сүрүлүп барып жатып калганда, карама-каршы багытта келе жаткан Toyota Camry унаасы сүзгөн.
Окуя болгон жерден Mitsubishi Delica унаасынын айдоочу изин жашырып качып кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында унаа Кара-Жыгач конушундагы көчөлөрдүн биринде табылган.