Кадамжай районунда кутурма оорусуна чалдыккан ит 3 адамды тиштеп алган

Баткен облусунун Кадамжай районунда кутурма оорусуна чалдыккан ит 3 адамды тиштегенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чоң-Гара айылында 5-сентябрда 2008-жылы туулган Г.Эргешованы,  2002-жылы туулган  Хамида Куштарбек кызын жана 2003-жылы туулган Жеңишбек Куштарбек уулун ит тиштеген. Иттин ээси аны атып, Баткен ветеринардык лабораториясына жөнөткөн. 12-сентябрда экспертизасынын негизинде кутурма оорусу аныкталган. Ит тиштеген балдар аталган ооруга каршы эмдөө алышканы, абалдары орто экендиги белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан