Ош. Бүгүн, 17-сентябрда шаарга орнотулчу гүл саат үчүн элден акча чогултуу акциясы башталат

Бүгүн, 17-сентябрда Ош шаарына орнотула турган гүл саат үчүн шаар тургундарынан акча жыйноо акциясы башталат. Иш-чараны Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети уюштуруп, кызматкерлер атайын акча салынчу урналар менен шаар кыдырышат. Анда шаардагы мекем-ишканалардын жетекчилерине, жогорку жана атайын орто окуу жайдын ректорлоруна, шаар тургундарына жолугуп иш-чаранын максаты тууралуу түшүндүрүп аталган саат үчүн каражат жыйнашат. Иш-чарага шаардагы жогорку окуу жайдын студенттери көмөктөшө турганын аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан