Комедиялык ролдору менен элге таанылган актёр, алып баруучу жана шоумен Самат Эркинбеков жакында ата болууга даярданууда. Ал жубайы Чолпонай экөөнүн чогуу түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөп, астына "Кудайга шүгүр! Биздин үйдүн ичинде сүйүнүч-кубаныч, жылмаюу", - деген билдирүүсүн калтырган.
Сүрөттө анын жубайы кош бойлуу экенин көрүүгө болот. Бул жаңылык тез эле тарап, ага карата колдонуучулар жылуу пикирлерин калтырышууда.