"Өзү басып, кызы менен ойноп бизди сүйүнтүп жатат". Нурлан Насип жубайынын абалын айтты

Жол кырсыгына кабылган ырчы Асел Кадырбекованын бүгүнкү күндө абалы жакшы. Анын саламаттыгы күндөн күнгө оң жакка өзгөрүп жатканын өмүрлүк жолдошу, ырчы Нурлан Насип видеокайрылуусунда айтты.

Айтымында, Асел Кадырбекованын ден соолугу толук калыбына келиш үчүн дагы убакыт керек.

"Аселдин кырсыкка кабылганына 2 айдай убакыт болуп калды. Ушул убакыт аралыгында дос-жар, тууган-урук, тааныштар, күйөрмандар айтор көптөгөн адамдар анын айыгып кетишин Кудайдан тиледи. Сиздерге анын абалын айтып коюуну туура көрдүм.

Кудайдын буйругу менен Асел жакшы болуп келе жатат, азыр кызы менен ойноп, өзү басып, өзү тамак ичип, биз менен сүйлөшүп бизди сүйүнтүп жатат. Алгач жаратканга ыраазымын, андан кийин Бишкектеги №4 шаардык оорукананын жамаатына, анын ичинде хирург Сабырбек Жумабековго, анан сөзсүз жалпы кыргыз элинин жакшы тилеги үчүн ыраазымын", - дейт Нурлан Насип.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында автокырсыкка кабылып, оор жаракат алган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган. Ал эми 4-августта анын үйгө чыгарылгандыгы кабарланган.

Нурлан Насип Асел Кадырбекованын абалын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
adilbars
2020-08-22 01:39:54
Тилегиңерге жеткиле
+12
Tolkun555
2020-08-22 06:20:43
Бардык уй булого кудай бакыт берсин.Ар бир уйдо кубаныч болсун.Жакшы болуп курсанчылыкта жашагыла
+9
rysik79
2020-08-22 07:55:01
Ар бир үй-бүлөө амандыкта болсун!!!
+11
Nadirabeby
2020-08-22 08:04:21
Бактылуу болгула,кооп балалуу болгула.
+10
AidaKurman
2020-08-22 08:48:01
Кудайга чексиз шугур. Аман болгула Нурлан.
+10
Raihan0602
2020-08-22 10:52:31
Шүгүр баары жакшы болсун келечек силердики аман болгула элдин сүйүктүү уул кызы
+4
Siezdjanym
2020-08-22 13:27:02
Жакшы жанылык, ар бир бала апасы атасы менен болсун. Оорубагыла
+5
katerina.li
2020-08-22 17:41:41
Эн негизи ,Нурлан ,сен таштап кетпе Аселди. Эркектер кобунчо таштап кнтчу эле аял киши ооруп калса
+3
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-23 00:15:31
Коз тийгизбей айтпай тургула мындайды.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан