Бүгүн “Зордук-зомбулуксуз 16 күн” маалымат өнөктүгүнүн алкагында Баткен шаарынын студенттери жана жаштары массалык жүрүшкө катышышты. Анда “Кыз ала качуу – салт эмес, кылмыш” ,“Аял турмушу – заман күзгүсү”, “Биз зомбулукка каршыбыз!”, “Ар бир үйдөгү тынчтыктан – дүйнөдөгү тынчтыкка карай”, “Кыз-келиндердин укуктарын сыйлайлы” деген ураандар менен 600дөй жаштар Баткен мамлекеттик университетинен баштап облустук Маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасашты. Бул жүрүштүн максаты – Баткен шаарынын элине зордук-зомбулуктун, үй-бүлө маселелеринин терс таасири боюнча аз болсо да таасир этүү болуп саналат. Бул тууралуу Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн гендердик саясат жаңы муун секторунун башчысы Жумагүл Сатыбалдыева билдирди.